Үлпөт кербенин тик учак эмес, төөлөр коштоду

Үлпөт кербенин тик учак эмес, төөлөр коштоду
2-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 14:26

Шымкенттиктер бул жолу да өздөрүнүн креативдүүлүгү менен айырмаланып, үлпөт кортежине унааларды же тик учак эмес, төөлөрдү пайдаланды. Мындай маалымат “ca-news.org” жаңылык кызматында жазылды.

Үлпөт тоюнда үйрөтүлгөн жана жасалгаланган төөлөрдөн турган кербен тартылган видеонун үзүндүсүн Шымкент шаарынын тургуну Адиль Иляевдин социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган шаарда тик учактын коштоосунда адаттан тыш үлпөт кербени уюштурулган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!