50 жылдык тарыхы бар авиакомпания банкрот болду

50 жылдык тарыхы бар авиакомпания банкрот болду
3-Окт. 2017, Шейшемби, 12:12

Лондондо жайгашкан Бириккен королдуктун эң ири бешинчи “Monarch” авиакомпаниясы банкрот болгону, жетекчилигине башкалар дайындалганы белгилүү болду. Расмий веб-сайтына бардык иштер токтогону жана 860 миң учуу токтотулганы жазылган.

Нааразычылыктар жаралды
Эртең менен аэропортторго барган көп сандаган жүргүнчүлөр компаниянын банкротко учуруганын угары менен социалдык тармактар аркылуу нааразычылыктарын билдирген.

Өлкөлөрүн кайтууну каалаган 110 миң жүргүнчүнү тейлөөгө Бириккен королдуктун өкмөтүнө караштуу Жарандык авиа компаниясы милдеттендирилди.

Бириккен королдуктун өкмөтүнөн келген билдирүүдө премьер-министр Тереза Мэй жүргүнчүлөргө жаралган ыңгайсыздыктардан улам тынчсызданып жатканы жазылган.

“Monarch” авиакомпаниясынын өткөн жылдын октябрь айында 291 миллион стерлин зыян тартканын белгилүү болгон. Жетекчиси Эндрю Своффилд буга чейин ишкананын иштерине Египет жана Тунисте катталган террордук кол салуулар таасир эткенин айткан.

2 миңден ашык адамды жумуш менен камсыз кылган компания 1967-жылдан бери ишмердик кылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!