Түрмө эң мыкты туристтик жай деп табылды

4-Окт. 2017, Шаршемби, 11:47

Ирландиядагы Алькатрас деп аталган Спайк аралындагы абак Европадагы эң мыкты жай деп табылды.

“World Travel Awards 2017” сыйлыгын алган имарат Римдеги Колизей, Эйфел мунарасы жана Букингем сарайын артка калтырды.

Маалымат каражаттары абактын имараты VI кылымдарда салынганын, алгач ал жак монастырь болгонун, кийин абака айланганын жазды.

Жаза өтөөчү жай 2004-жылга чейин иштеген. Ал эми 2016-жылдан баштап туристтик жайга айландырылган.

Стандарттык экскурсиялардан тышкары ал жактарда мурда өтө кооптуу кылмышкерлер жаткан бир орундук камераларга түнөө сунушталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!