Дүйнөдө эң көп саякаттаган эл

4-Окт. 2017, Шаршемби, 13:55

“Movehub” унаа компаниясы дүйнөдө кайсы эл эң көп саякатка чыгаарын аныктады. Бул тууралуу “lenta.ru” сайты билдирет.

Изилдөөгө ишенсек, дүйнөдө эң көп саякаттаган элдин бири Гонконгдун тургундары экен. Гонконгтуктар орточо эсеп менен жылына 11,4 жолу саякатка чыгышат. Ар бир саякатка чамасы менен үч миң доллар жумшашат.

Экинчи орунда Люксембургдун жашоочулары турат. Люксембургдуктар орточо эсеп менен жылына 2,56 ирээт саякаташат. Ар бир сапарга алты миң доллардай акча сарпташат. Ал эми рейтингдин үчүнчү катарында Венгрия (жылына 1,62 жолу, ар бир саякатка 250 доллар) жайгашкан.

Рейтингге ошондой эле, Швеция, Финляндия, Ирландия, Сингапур, Швейцария, Дания жана Албания өлкөлөрү кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!