Ким Чен Ын “өзөктүк булут” менен коркутту

4-Окт. 2017, Шаршемби, 18:03

Япониянын премьер-министри Шинзо Абенин Түндүк Кореяга кысым көрсөтүүнү талап кылган билдирүүсүнөн кийин Пхеньян кысымдар уланса “өзөктүк булут” жиберерин билдирип, коркутту.

Түндүк Кореянын расмий кабар агенттигинде “Япониянын Түндүк Кореяга кысымы Корея жарым аралындагы басымды жогорулатса Япон аралдарына өзөктүк булуттарды алып келет. Бул абал качан өзөктүк согушка алып барарын эч ким билбейт. Бирок өзөктүк согуштун билиги жанса Япон аралдарында бир заматта жарылуулар болот”,-деген сүйлөмдөр орун алган.

Жапониянын премьер-министри Абе “Түндүк Кореянын бардык өзөктүк жана баллистикалык ракета программасын артка кайтарылгыс кылууну камсыздашыбыз керек. Бул жерде диалог эмес кысымга муктаждык бар”,-деген.

Эске сала кетсек, Түндүк Корея 15-сентябрда баллистикалы ракета сынаган. Ал Япониянын үстүнөн учурулган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!