«Нэйт» тропикалык бороонунан 22 адам каза болду

6-Окт. 2017, Жума, 15:23

Америкада «Нэйт» тропикалык бороонунан 22 адам каза болду. Бул тууралуу “lenta.ru” сайты билдирет.

Борбордук Америкада «Нэйт» тропикалык бороонунун кесепетинен Коста-Рика менен Никарагуа аймактары жабыр тарткан.

Никарагуанын вице-президенти Розарио Мурильо 15 адамдын каза болгонун маалымдаган.

Ал эми Коста-Риканын президенти Луис Гильермо Солис 7 адамдын набыт болгонун, 15 адамдын изделип жатканын кабарлады.

Кырсык болгон аймактардан миңдеген адамдар коопсуз жерлерге көчүрүлдү.

Синоптиктердин билдирүүсү боюнча, «Нэйт» Гондураска карай жылып бара жатканы айтылды. Бир нече күндөн кийин Жаңы Орлеанга (АКШ, Луизиана штаты) жетет деп болжошууда. Шаардын мэри Митч Ландрие өзгөчө жагдайдын киргизилгендиги тууралуу кабарлады.

Эске сала кетсек, август айынын аягында Техас штатында “Харви” бороону болуп өткөн. Андан кийин Американын Флорида штатын “Ирма” бороону каптаган, өлкөнүн экономикасына чоң жоготууларды алып келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!