Кайсы өлкөнүн эркектери эрте көз жумушат?

7-Окт. 2017, Ишемби, 12:54

Эркек кишилердин өлүмүнүн көрсөткүчү боюнча Европа өлкөлөрунүн ичинен Россия биринчи орунда турат. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын изилдөө натыйжаларына таянып “РИА Новости” билдирүү жасады.

Россияда эркек кишилердин 43 пайызы 65 жашка жетпей каза болушат.

Экинчи жана үчүнчү орунда – Украина менен Беларусия турат. Бул өлкөлөрдө 65 жашка жетпей көз жумган эркектер 40 пайыздан бир аз төмөн. Өлүм-житим рейтингинин төртүнчү сабында 37 пайыз менен Молдова, ал эми Литва – 36 пайыз менен бешинчи орунда турат.

Эркектердин өмүр сүрүү узактыгы боюнча башында эле Грузия, Азербайжан, Болгария, Венгрия, Румыния, Армения менен Эстония кирген.

Эң төмөнкү көрсөткүч Исландия менен Швейцарияда катталган. Мында эркектердин 10 пайызы гана эрте көз жумат. Швеция, Италия, Нидерландия, Мальта жана Норвегияда да көрсөткүч ушуга чамалаш (11 пайыз).

Сентябрда Россиянын Саламаттыкты сактоо министри Вероника Скворцова 2017-жылдын биринчи жарымында өлкөдө өмүр сүрүү узактыгы 0,63 жылга улгайып, 72,5 жашка жеткенин маалымдаган. Анын айтуусу боюнча, россиялык эркектер бир узак, тагыраагы 67,5 жашка чейин өмур сүрушөт. Ал эми аялдардын өмүр сүрүү узактыгы 77,4 жашты түзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!