Саламаттыкты сактоо министри саламаттык үчүн көз жумду

10-Окт. 2017, Шейшемби, 11:53

Тунистин Саламаттыкты сактоо министри рак дартына каршы күрөш максатында уюштурулган кайрымдуулук марафонунда жүрөк оорусунан улам көз жумду. Чакер бул кызматка өткөн айда дайындалган.

56 жаштагы Слим Чакер 500 метр аралыкты чуркаган соң өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген.

Иш-чара рак дарты менен күрөшүүчү клинка куруу максатында уюштурулган.

Тунистин премьер-министри Юссеф Чахед бул тууралуу “Facebook” тармагына “Келечектүү максатка умтулган бир тууганымдан жана кесиптешимден айрылдым”,-деп жазган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!