Компаниялар Каталониядан көчүүнү чечти

10-Окт. 2017, Шейшемби, 12:40

Испаниянын айрым ири ишканалары жана банктары талаштуу референдумдан кийин башкы башкармалыктарын Каталониядан көчүрүүнү чечти.

Евро аймагынын эң ир төртүнчү экономикасына жетишкен Испаниядан бөлүнүп жатканынан тынчсызданган компаниялар инвесторлордун тынчсызданууларын токтотуу үчүн башкы дирекцияларын башка аймактарга жайгаштырганы турат.

Европадагы эң ири ишканалардын бири, кыймылсыз мүлк боюнча иш алып барган “Colonial and Abertis” компаниясы бул теманын үстүндө сүйлөшүү максатында жетекчиликти чогултууну пландоодо. Ал эми Испаниядагы ири “Caixabank” жана “Sabadell” банктары мындай иштерге киришти.

“Caixabank” өткөн апатада Валенсия шаарына көчүрүлөрүн, ал эми 135 жылдык тарыхы бар “Sabadell” банкы болсо Аликанте шаарына жайгашары белгилүү болгон.

Энергетика тармагында иш алып барган “Gas Natural Fenosa” компаниясы да белгисиздиктерден улам өздөрүн, кардарларын, эмгектенгендерин, насыя алуучуларын жана акцияларын коргоо максатында башкы дирекциясын Мадридге көчүрөт. Текстиль тармагында ишмердик кылган “Dogi Insternational Fabrics” да Мадридге кетет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!