Дүйнөнүн эң кымбат бренддери

10-Окт. 2017, Шейшемби, 12:48

“Interbrand” консалтингтик агенттиги дүйнөдөгү эң кымбат бренддердин тизмегин жарыялады. Рейтингдин көч башында “Apple” компаниясы 184 млрд доллардан ашык турат.

Экинчи орунда – “Google” компаниясы.

“Interbrand” агенттигинин эсептөөсү боюнча, компания чамасы менен 142 млрд долларга бааланды. Дүйнөнүн эң кымбат бренддеринин үчилтигин 80 млрд доллар турган “Microsoft” түзөт.

Эң кымбат бренддердин бештигине ошондой эле “Coca-Cola” (69,73 млрд доллар) менен “Amazon” (64,8 млрд доллар) кирди.

Рейтингди аныктоо учурунда кем дегенде үч материкте бизнесин жүргүзгөн жана кирешенин үчтөн бири чет өлкөдө ишке ашкан операциялардан түшкөн компаниялар эске алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!