Жаныбарлардын түрлөрүн камтыган атлас даярдалды

11-Окт. 2017, Шаршемби, 15:07

39 илимпоздун узактан берки эмгегинин жыйынтыгында жер жүзүндөгү сойлоп жүрүүчүлөрдүн жайгашкан жерлери боюнча атлас иштелип чыкты. Окумуштуулар эми ага ылайык иш алып барып, табиятты пландуу түрдө коргоого киришет.

Жер жүзүндөгү бардык канаттуулардын, сүт эмүүчүлөрдүн жана амфибиялардын жашаган жерлерин көрсөткөн карта мындан бир канча жыл мурда даярдалган. Түрлөрдүн жаңы картасын аягына чыгаруу мүмкүн эместей көрүнгөн. “Oxford” жана “Tel Aviv” университетинен 39 илимпозунан турган топ сойлоп жүрүүчүлөрдүн атласын түзүүгө жетишти. Бул эмгек “Табигый экология жана эволюция” деген аталыштагы журналга жарыяланды.

Атласта 10 миңден ашык жылан, ташбака жана кескелдириктердин түрлөрүн камтыйт. Буларга 5 миң сүт эмүүчү, 10 миң канаттуу жана алты миң ташбака жана саламандралардын түрүн кошкондо дүйнөнүн алгачкы атласы даярдалды.

Картадагы боз жерлер кандайдыр бир түрлөр жашабаган кургак жерлерди билдирет. Көк менен боелгондор жаныбарлар аз санда жашаган аймактар болсо, кызылдар түрлөр өтө көп жайгашкан жерлерди көрсөтүп турат.

Сойлоп жүрүүчүлөрдүн түрлөрүн камтыган атлас төрткө бөлүнгөн. B картасы сойлоп жүрүүчүлөрдүн бардыгын камтыса, C картасы кескелдириктерди, D картасы жыландарды, E картасы ташбакаларды билдирип турат. Булардан тышкары коргоого муктаж аймактар белгиленген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!