“Молния” спутниги 25-октябрда Жерге түшөт

11-Окт. 2017, Шаршемби, 15:46

Кызматын өтөп бүткөн, салмагы 1,5 тонналык советтик “Молния 1-44” байланыш спутниги жакында атмосферанын калың катмарына кирет. Ал эми Жерге 25-октябрда түшөрү болжолдонууда. Бул туурасында космостук объектилери боюнча адистешкен француз астроному Жозеф Реминин айткандарына таянып “Интерфакс” агенттиги жазды.

Батыштагы астрономиялык сайттардын жазгандарына караганда 1979-жылдын аяктарында учурулган космостук түзүмдүн калдыктары Рио-де-Жанейродон 500 чакырым аралыкта жайгашкан Түштүк Атлантикага түшөт.

Өткөн аптада Американын “NASA” космостук агенттигинин адистери “Молния 1-44” байланыш спутниги 20-октябрда түшөөрүн билдирген. Алардын божомолунда көлөмү өтө чоң болгондуктан ал атмосферанын калың катмарынан толук эрип кете албайт. Бирок кайда түшөөрүн алар азырынча аныктай элек.

Ноябрь айында 1982-жылы учурулган, салмагы 1,7 тонналык советтик “Космос-1345” спутнигинин түшөөрү күтүлүүдө.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!