Абанын булгануусу эрте өлүмгө себеп болууда

12-Окт. 2017, Бейшемби, 11:41

Европа биримдигинде (ЕБ) булганыч аба жылда 400 миң адамдын эрте көз жумуусуна себеп болууда.

Европа Айлана чөйрө агенттиги “Европада абанын сапаты-2017” билдирүүсүн жарыялады. Анда абанын булгануусуна көбүнчө транспорт, айыл чарба, энергетика борборлору, индустрия себеп болуп жатканы баса белгиленди.

Рапортто көз караштарын айткан агенттиктин башкы директору Ханс Брюинккс “Коомчулук катары абаны булгануусу алып келген чыгымды кабыл албашыбыз керек. Таза транспорт, энергетика жана айыл чарба үчүн чечкиндүү жана акыл калчап ойлонуп инвестиция салсак бул маселе менен күрөшүүгө болот. Жашоо сапатын жакшырта алабыз. Шаар тургундары да таза аба мен дем алууга укуктуу”,-деди.

400 миң адамдын эрте көз жумуусуна себеп болууда

Билдирүүдө абанын сапатынын төмөндүгүнөн ЕБде жылына 400 миңдей, жалпы Европа боюнча 500 миң адам эрте көз жумуп жатканы баса белгиленген.

Аталган чөлкөмдөгү абанын сапаты боюнча жүргүзүлгөн саясаттар жана технологиялык өнүгүүлөрдүн жыйынтыгында өткөн жылдарга салыштырмалуу жакшыруу болгону да раппортто жазылган. Ошнетсе да булганыч аба адамдардын саламаттыгына олуттуу таасир этип жатканына көбүрөөк көңүл бурулган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!