426 жүргүнчүсү бар “Airbus A380” учагы кырсыкка кабыла жаздады

13-Окт. 2017, Жума, 12:02

“Emirates” авиакомпаниясына тиешелүү “Airbus A380” учагы 10-сентябрь күнү Москвадагы Домодедово аэропортунда кырсыкка учурап кала жаздады.

Бортунда 426 жүргүнчү болгон учак эки жолу аракет кылып жерге коно алган эмес. Үчүнчү жолкусунда гана тийиштүү тикеге коно алган. Жүргүнчүүлөр жаракат алышкан эмес.

“Emirates” авиакомпаниясы Эмирликте жүргүзүп жаткан ички текшерүүлөргө байланыштуу бул боюнча расмий маалымат берүүдөн баш тарткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!