Жүз таануучу система чыгарылууда

13-Окт. 2017, Жума, 15:56

Кытай бардык мамлекеттерди камтый турган жүз таануу системасын жасап чыгууда. Аталган система ишенимдүү камералар жана булут маалыматтар базасы менен иштейт.

“South China Morning Post” гезитиндеги маалыматка караганда Коомдун коопсуздугу министрлигинин көзөмөлүндө 2015-жылы башталган Улуттук жүз таануу долбоору Шанхайда жайгашкан “Isvision” фирмасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Жүз таануу системасы канча мезгилде аяктайт бул тууралуу маалымат жок. Болгону өздүк фотографы менен камерадан алынган сүрөттү салыштыруу аркылуу ишке ашыруу максатталган.

Коопсуздук камералары булут маалыматтар базасы жана маалымат борборлору менен байланышта жүз таануу системасы талап кылган маалыматты өлкөнүн бардык тиешелүү мекемелерине таратуу каралат.

Дүйнөдө 1 миллиард 300 миллиондон ашык калкы бар Кытайда бири-бирине окшогон адамдардын көптүгү долбоорду татаалдаштырганы да белгиленген.

Бир жагынан кытайлык адистер жүз таануу технологиясы менен топтолгон миллиондогон адамдарга тиешелүү өздүк маалыматтарды санариптик түргө өткөрүүдө коопсуздук коркунучтары жараларын эскертүүдө.

Кытайда адамдарды таануучу түзүмдөр ресторандарда, окуу жайлардагы кыздардын жатаканаларында кеңири пайдаланылат. Ошондой эле Шаньдун, Цзинань, Цзянсу, Гуандун провинциаларынын айрым чоң көчөлөрүндө ичинде камера жана фотоаппараты бар жүз таануучу түзүмдөр орнотулган. Алар 20 мүнөт ичинде жол эрежесин бузган адамдын күбөлүгүнүн номери, үйүнүн дареги менен бирге “жол эрежесин бузду” деген жазууну экрандан чыгара алат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!