Катачылыктан пайда болгон сарымсак кофеси

16-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 10:58

Япониянын Аомори префектурасындагы кафенни ээси 74 жаштагы Йокитомо Шимотайдын кулинардык катачылылыгы сарымсактан кофе ичимдигин ойлоп табууга себеп болгон. Азык сыртынан караганда кофедей көрүнгөнү менен сарымсактын жергиликтүү сортунан өндүрүлөт. Ойлоп табуучунун айтымында, куурулган сарымсактын жыты болгону менен ооздо жагымсыз жыт калтырбайт.

“Менин ичимдигим өзүнүн түрү жагынан жалгыз болушу мүмкүн. Анда кофеин болбогондуктан түнкүсүн кофе ичүүнү каалагандарга, кош бойлуу айымдарга сунушталат”,-деген Йокитомо “Japantoday.com” сайтына берген маегинде.

Йокитомо Шимотай сунуштаган сарымсак кофе январь айында белгилүү болгон. Бул ичимдик 30 жыл мурда конокторго тамак даярдоодо стейк жана сарымсакты ашыкча күйгүзүп алган кулинардык катачылыктан улам капысынан пайда болгон.

Кафенин ээси күйгөн сарымсакты ысык сууга аралаштырып ичип көргөнүндө кофенин даамына таң калган. Ресторатор бул ичимдикти пенсияга чыкканда изилдеп, азыкты сатыкка чыгарууну көздөгөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!