Австрия эң жаш лидерди тандады

16-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 11:30

Австрия 15-октябрда 22-мөөнөттөгү Федералдык парламенттинин (Nationaltag) курамы үчүн шайлоо өткөрдү.

Алдына ала маалыматтарга караганда 31 жаштагы Тышкы иштер жана интеграция министри Себастиан Курц жетектеген Австрия Элдик партиясы шайлоочулардын 31,6 пайызынын добушун ээ болуп биринчиликти алды. Премьер-министр Кристиан Керн башында турган Социал Демократ партиясы 26.9 пайыз менен экинчи орунга илинсе, Австрия эркиндик партиясы 26 пайыз добуш менен үчүнчүлүккө жетишти.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!