Сомалиде кыргын: 276 адам көз жумду

16-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 12:15

Сомалинин борбору Могадишо шаарында ишемби, 14-октябрда бомба жүктөлгөн жүк ташуучу унаа менен болгон кол салууда көз жумгандардын саны 276га жетти. Ал эми жарадарлардын саны үч жүзгө жакындаган. Өлкөдө үч күн аза күтүү күнү жарыяланды.

Ооруканалардын маалымат булактары борбордогу “Сафари” мейманканасына жакын аймакта катталган эки башка кол салууда 231 адам көз жумганы, 275 адам жаракат алганы белгилеген. Ошондой эле жарадарлар үчүн кан тапшырууга чакырыктар жазылган. Сомалинин президенти Мухаммед Абдуллах Фермажу жардырууда көз жумгандарды жакындарына көңүл айтуу менен өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Окуяга “Аш-Шабаб” террордук уюмун айыптаган өлкө башчысы жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишине тилектештигин билдирди.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!