“Microsoft” жаңылануучу энергия жаатында иш баштады

16-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 15:12

Акыркы кезде “Microsoft” жаңылануучу энергия өндүрүүгө инвестициясын көбөйттү. Технология тармагындагы белгилүү болгон “Microsoft” “General Electrik” корпорациясы менен кызматташууга киришти. Анын алкагында “Microsoft” Ирландияда ишмердик кылган “Tullahennel” аттуу шамал чарбасынан чыгарылган энергияны 15 жыл бою сатып алат.

Алынган энергиянын бир бөлүгү ишкананын Ирландияда жайгашкан маалымат борборлоруна жиберилет. Бул кызматташтык “Microsoft” компаниясынын шамалдан энергия алуу боюнча Европадагы алгачкы кадамы болот.

Эки ишкана биргелике шамал турбиналарын изилдейт. Андан тышкары батареялар канча энергия топтойт, бул жагын жакшыртуу жана таратуу боюнча долбоорлорду ишке ашырат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР