БАЭ качкындарга гумжардам жөнөттү

16-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 17:37

Бириккен Араб Эмиратынын (БАЭ) вице-президенти жана премьер-министри, Дубайды башкаруучу шейх Мухаммед бен Рашид Аль Мактум Бангладештеги мьянмалык качкындарга жардам иретинде үч учак менен гуманитардык жүк жиберилгенин билдирди. Бул тууралуу эмираттын “The National” басылмасы кабарлады.

Басылмадагы маалыматка караганда азык-түлүк, кийим, суу жана чатырлардан турган жардам 230 миң рохинжа качкындарына жөнөтүлдү.

Буга чейин октябрь айында БАЭ бул максатта аба коридору түзүлгөнүн жарыялаган. Ошондой эле БАЭден Даккага 550 тонна гуманитардык жүгү менен 6 учак учурулган.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!