Меркелдин иши кыйындады

17-Окт. 2017, Шейшемби, 10:52

Германияда жалпы шайлоодон үч апта өткөндө жаңы өкмөттүү түзүү үчүн алгачкы сүйлөшүүлөр шаршембиде башталганы турат.

Өлкөнүн премьер-министри Ангела Меркель Жашылдар жана Эркин демократтар партиясы менен үчилтиктүү Ямайка коалициясы үчүн өткөн жекшембиде өткөн Төмөнкү Саксония аймагындагы шайлоонун жыйынтыгын күтүп жаткан.

Меркелдин Христиан биримдиги партиясы бул ирет шайлоодо добушун жоготту. Башкача айтканда, Социал демократтардан кийинки экинчи орунга жетти. Антсе да ал “Алгачкы сйлөшүүлөргө абдан ишенимдүү барганы жатам”,-деди.

Коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр татаал жана көпкө созулары болжолдонууда. Меркель да сүйлөшүүлөр апталарга созуларын белгилесе, Социал демкораттар тобунан Карстен Шнайдер “Меркелдин Христиан биримдиги партиясынан келерки апталарда туман чыгат”,-деген пикирин айтты. Ал эми Жашылдар партиясынан Юрген Триттин сүйлөшүүлөр катаал өтөөрүн айтты. Ангела Меркель коалиция боюнча сүйлөшүүлөрдө туруктуу өкмөт курууга аракет кыларын баса белгиледи.

Меркель шаршембиде алгач Эркин демкораттар менен, андан соң Жашылдар партиясы менен алгачкы сүйлөшүүлөрүн жүргүзөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР