Ультиматум узартылды

17-Окт. 2017, Шейшемби, 11:25

Испания бийлиги бөлүнүү максатында 1-октябрда бир тараптуу референдум өткөргөн Каталонияга эгемендиги боюнча 16-октябрга чейин койгон ультиматумун 19-октябрга чейин узартты.

Мадрид бийлиги аталган автономиялуу аймактан “Эгемендигиңерди жарыяладыңарбы?” деген суроонун “ооба” же “жок” жеген жообун күтүүдө. Эгерде “ооба” деген жооп келсе Конституциянын 155-беренесинин алкагында Каталониянын автономиялуулугун жокко чыгарууга даярдык көрүлөт.

Каталония автонмиялуу аймагынын жетекчиси Карлес Пучдемон 10-октябрда символикалуу түрдө эгемендикти жарыялаган. Бирок бул кадамды сынга алган Мадрид 16-октябрда эртең мененки саат 10.00го чейин эгемендиги боюнча суроонун жообун берүүгө убакыт берген.

Эки адам камалды
Карлес Пучдемон Испаниянын премьер-министри Мариано Рахойго кат жолдогон. Анда эки ай “чын дилден жана жакшы” диалог өткөрүү сунушталган.

Ал ортодо Испания соту Каталон Улуттук ассамблеясынын төрагасы Жорди Санчес жана Эгемендик үчүн түзүлгөн Omnium Cultural тобунан Жорди Куиксартты камакка алууну буюрду.

1-октябрдагы референдумдун артында турган фигуралар козголоңго түрткү болгону менен айыпталууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!