АКШ: Мунай өндүрүшү рекорддук көрсөткүчкө жетет

17-Окт. 2017, Шейшемби, 12:02

АКШнын “Energy Information Administration” (EIA) федералдык агенттиги өлкөдө чийки мунай өндүрүү келерки жылы көбөйүп, рекорддук өрсөткүчкө жетерин билдирди.

Агенттиктин билдирүүсүндө мунай өндүрүү 2018-жылы күнүмдүк орто эсеп менен 9,9 миллион баррелге жогорулай турганы белгиленген.

Бул пландар ишке ашса АКШда чийки мунай өндүрүү 1970-жылы 9,6 миллион баррелге жеткен рекорддук көрсөткүчтү артка калтырары болжолдонууда.

Билдирүүдө бул жылдын экинчи чейрегиндеги чийки мунай өндүрүүнүн көбү АКШнын Техас штатынын батышындагы жана Нью-Мексико штатынын түштүк чыгышындагы аймактарды камтыган Пермиан корунан алынат. Бул аймактарда бургулоо иштери жүрүп жатат.

EIAнын чийки мунай өндүрүүдөгү божомолдоодо глобалдык рыноктогу баалар, АКШдагы бургулоочу жайлардын саны жана менен мунай кудуктарындагы өндүрүштүн өлчөмүнүн негизинде өзөгрүүлөр эске алынган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!