Француздар авторитардык өкмөттү каалашат

17-Окт. 2017, Шейшемби, 12:25

Француздардын 38 пайызы авторитардык өкмөттү жакташары белгилүү болду.

Өлкөдө “Ifop” иликтөө борбору жүргүзгөн сурамжылоолордо француздардын 30 пайызы өлкөнүн түп-тамырынан реформалоочу авторитардык саясий күч зарылдыгын билдиришкен.

Иликтөөгө катышкандардын 38 пайызы авторитардык өкмөттүү жакташарын белгилесе, 55 пайызы керек болсо бул өкмөт үчүн дайындалган адистерди милдеттендирүү зарылдыгын билдиришкен.

Мындай көз караштар ашыкча оңчул Улуттук фронттун шайлоочулары тарабынан 55 пайыз, Оң республикачылар партиясынын шайлоочулары тарабынан 51 пайыздык чекте бөлүшүлгөнү билдирилди.

Францияда авторитардык өкмөттү жактагандар 2015-жылдын октябрь айында 40 пайызга жеткен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!