Лондондун чок ортосундагы батир 273 сомго сатылууда

17-Окт. 2017, Шейшемби, 13:45

Лондондун борборунда үй үч фунт стерлингге сатыларын “Reuters” агенттигине шилтеме берүү менен маалымат порталдары жазып чыкты.

Анда британиялык аял короосунда чакан бала бакчасы бар Лондондун борборунда жайгашкан үч бөлмөлүү батирин Интернет-аукционго койгону жазылган. Мындай ыңгайлуулуктагы үйүн аял болгону үч фунтка баалаган. Бирок бул баштапкы баасы экени белгиленген.

1 стерлингдин курсу кыргыз сому боюнча 91 сомдун тегерегинде. Аны эске алганда үйдүн баштапкы баасы кыргыз акчасы менен 273 сомду түзөт экен.

Батирдин ээси Интернет сатыгы аркылуу керектүү сумманы чогултуп аларын, буга бир нече мисалдарды келтирүүгө болорун агенттик жазып чыккан. Май айында анын жердештеринин бири турак жайынын баштапкы баасын беш фунтка баалаганы менен акыры бир жарым миллионго сатканы белгиленген.

Алардан тышкары Шотландиянын тургуну алты уктоочу бөлмөсү, гольф аянтчасы жана тик учак конууга ылайыкталган аянты бар үйүнүн баштапкы баасын 25 фунтка баалап, алуучуга кроссвордду чечмелөө шартын койгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!