Иттер 1 миң 400 евро пенсия алат

17-Окт. 2017, Шейшемби, 18:38

Германияда Берлин аймактык Ички иштер боюнча комитетинин жыйынында коопсуздук күчтөрүнө жардам берген иттерге пенсия чектөө чечими кабыл алынды. Ага ылайык жети жыл жети ай кызмат өтөгөн “полиция иттерге” айына 1 миң 400 евро төлөнөт. Бул каражат жардамчы жаныбарлардын тамак ашына, жата турган жайына жумшалат.

Берлиндеги Коопсуздук башкармалыгында 2012-2016-жылдар аралыгында жалпысынан 73 ит милдет өтөгөн. Алар коомдук окуяларга, куткаруу иштерине катышат. Андан тышкары баңгизатына байланышкан кылмыштар менен күрөштө алардын салымы зор.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!