Өчпөй жаткан өрт 35 адамдын өмүрүн алды

17-Окт. 2017, Шейшемби, 19:05

Португалиянын ортоңку аймактары жана түндүгүндө өткөн аптанын аяктарында башталган токойдогу өрттөн 35 адам көз жумду. Түрдүү жараттарды алган 56 тургундун он алтысынын абалы оор болсо, бир тобунан кабар алына элек.

“Офелия” ураганынан пайда болгон шамал жалынды өчүрүүгө тоскоолдук жаратууда. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө 6 миң өрт өчүрүүчү жана 1 миң 800 унаа тартылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!