Россияда абадан күйүүчү май алынды

18-Окт. 2017, Шаршемби, 11:06

Новосибирск шаарында окумуштуулар суу жана аба камтылган суутек жана көмүр кычкыл газынын өз ара аракеттенүүсүнөн метан газын өндүрүү жагын изилдешти. Газдын аталган түрү имаратты жылытууга жана унаа каражаттарына пайдаланылат. Аны өндүрүү процесси бир нече этаптан туруп, көптөгөн убакытты талап кылат.

“Новосибирскийдин окумуштуулары сунуштаган табылгалар көмүр кычкыл газын суутек отуну колдонулган жылуулук электр стнацияларынан эмес, абадан түздөн-түз алганы менен өзгөчөлөнөт”,-деген Илимдер академиясынын "Наука в Сибири" бөлүмүнүн илимий кызматкери.

Күйүүчү майдын мындай түрүн энергиянын альтернативдүү булагы менен иштеген электрогенератор болгон жердин бардыгынан алууга болот. Өзгөчө алыскы аймактарга ылайыкталган баалуу табылга болуп эсептелет.

2012-жылы британиялык окумуштуулар абадан күйүүчү май алуу боюнча изилдөөлөрдү жарыялаган. Ал тургай аны өндүрүүчү завод куруу пландалган. Бирок бул долбоордун тагдыры эмдигиче белгисиз бойдон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!