Каталония боюнча акыркы чечим чыкты

18-Окт. 2017, Шаршемби, 17:46

Испаниянын Конституциялык соту Каталония автономиялуу аймагындагы эгемендик референдумуна негиз даярдаган мыйзамды жараксыз деп жарыялап, “Испания эли үчүн өз келечегин аныктоо укугу каралган эмес” деген өкүм чыгарды. Мындай чечим соттун 12 мүчөсүнүн добушу менен кабыл алынды.

Конституциялык сот буга чейин Мадрид өкмөтүнүн талабы менен 6-сентябрдагы тарыхый мыйзамды сынга алган. Анда улуттук эгемендик жана Испания элинин бөлүнбөс бүтүндүгү беренеси бузулганы, бул Баш мыйзамга каршы келери айтылган.

Конституциялык соттун чечими боюнча Каталониянын атынан аймактык өкмөттүн маалымат катчысы Жорди Турулл билдирүү жасады. Ал “Сотторду колдонуу менен мыйзам чыгаруу органдарына тоскоолдуктарды жаратты”,-деген.

Эгемендикти талап кылгандар көчөдө

17-октябрда көз карандысыздыкты колдогон Каталониядагы жарандык коомдук уюмдардын лидерлери Жорди Санчес жана Жорди Куиксартты козголоңго түрткү болгон деген айыптын негизинде камакка алынган. Андан бери Барселонада башталган акциялар уланууда. Алардын бошотууну талап кылган он миңдеген эл Каталонияны эгемендигинин символу түшүрүлгөн желектерин көтөрүп көчөгө чыккан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!