Ишкер 2 миллион долларын алдатты

20-Окт. 2017, Жума, 11:33

Белгилүү англиялык ишкер жана “Virgin” компаниялар тобун негиздеген Ричард Брэнсон өз блогунда анын атын алдамчылар пайдаланганын, бул боюнча өзүнүн жана досунун башынан өткөндөрдү баяндап берген.

“Forbes” журналынын рейтингине 5.1 миллиард доллар байлыгы менен илинген ишкер 6 ай мурда башынан өткөргөн окуяда атын атагысы келбеген ишкерден бирөө Ричард Брэнсон экендигин айтып, 2 миллион доллар карызга сураган. Өзүн Брэнсон деп тааныткан адам карызга алган каражатын Британиянын Виргин аралдарында бороондон жабыркаган элге берерин айткан. Ошондой эле Англиядагы банкка акчасы түшпөй жатканынан улам карызга акча алууга аргасыз экенин билдирген. Ошончолук ынандыргандыктан атын атагысы келбеген ишкер 2 миллион долларды токтоосуз которгон. Учурда укук коргоо органдары жана Ричард Брэнсон алдамчыларды табуу үчүн колунан келген аракеттерин жасап жатат.

6 ай мурда “Virgin” компаниясынын ээсинин жардамчысына өзүн Англиянын Коргоо министри Майкл Фэллонмун деп тааныштырган адамдан кат келген. Анда Ричард Брэнсондун тезинен телефон чалуусу талап кылынган.

Ишкер чалганда Коргоо министримин деп жалган айткан адам жашыруун жолугушууда экендигин, англиялык дипломатты террорчулар алып кеткенин, аны бошотууга 5 миллион доллар талап кылып жатканын айткан. Брэнсон кийин алдамчылар менен сүйлөшкөнүн сезип, бул боюнча башкаларга эскертүү берген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!