«Титаниктен» табылган кат 100 миң долларга бааланды

20-Окт. 2017, Жума, 13:09

Улуу Британияда «Титаник» лайнеринде каза болгон жургүнчүнүн каты аукционго коюлат. Катты 1912-жылдын 13-апрелинде жүргүнчүсү Александер Оскар Хольверсо жазган. Алдын ала божомол боюнча кат кырсык алдында жазылган.

“Independent” басылмасынын маалыматыка караганда эркек киши катты апасына жазган экен.

«Бул өтө үлкөн кеме. Мейманкана катары салынган. Эгер баары жакшы болсо, Нью-Йоркко шаршенби күнү эртең менен жетебиз», - деп жазылган баракчада.

Хольверсон аттуу америкалык ишкер аялы менен бирге Аргентинадан АКШга Улуу Британия аркылуу келе жатышкан.

Катта «Титаниктеги» тамак менен оюн-зоок, ошону менен биринчи класстагы башка жүргүнчүлөр тууралуу айтылат. Анын ичинде америкалык миллионер Жон Жекоб Астор бар.

Кырсык учурунда Хольверсон каза болуп, аялы тирүү калган. Кат каза болгон Хольверсондун китепчесинен табылып, үй-бүлөсүнө тапшырылган.

“Henry Aldridge & Son” үйү өткөргөн аукциондо каттын куну 60-80 миң фунт стерлинге бааланган (80-100 миң АКШ доллары).

«Титаник» кемеси түштүк Атлантика океанында 1912-жылдын 15-апрелине караган түнү айсберке урунуп, сууга чөккөн. Анын кесепетинен кемедеги 2200 адамдын 1 миң 500ү каза болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!