Сейрек кездешкен алмаз сатылганы турат

20-Окт. 2017, Жума, 14:42

“Индия кызгылты” аттуу 37.30 караттык алмаз 30 миллион долларга бааланууда.

Өткөн айда Лондон шаарында көргөзмөгө коюлган 37.30 караттык алмаз көпчүлүктү кызыктырган. Эми ал 15-ноябрда Женевада өтө турган аукционго коюлат. Асыл таш 30 миллион долларга бааланууда.
“Sotheby’s” аукцион ишканасынын жетекчиси Девид Беннет кызгылт алмаз сейрек кездешерин айтып, “Индия кызгылты” көлөмү жана өңү менен өзгөчөлөнөт”,-деди.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!