Планетага саякат башталат

21-Окт. 2017, Ишемби, 12:24

Космос ааламы ар дайым адамзат үчүн кызыгуу жаратып келет. Башка планеталарда өмүр сүрүүгө мүмкүнбү же ал жакта жашоо барбы деген суроолор акыркы учурларда эң актуалдуу болууда. Бул суроого жооп издөө максатында канчалаган изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Бул үчүн “Google Maps”те жаңылыктар бар.

“NASA” менен “Европалык” космос агенттигинин аба кемесинин жарым миллиондон ашык сүрөтүн пайдаланып, “Google Maps” өз репертуарына ондогон планета менен спутниктерди кошкон. Жаңы “Карт” функциясы бир нече айдан берки орбитадагы Айдын, Меркурийдин, Венеранын, Плутондун, Эл аралык космостук станциянын, ошондой эле Сатурн менен Юпитердин сурөттөрүн сунуштады.

“Google” картадагы сүрөттөрдө орун алган каталарды чечүүгө киришти. Ошентсе да толугу менен иштелип чыга электе эле биз компьютерден башка планеталарды көрө ала турган болдук.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!