Булганыч согуштан да кооптуу

21-Окт. 2017, Ишемби, 12:38

Медицина жаатында белгилүү “The Lancet” журналына жарыяланган иликтөөдө 2015-жылы дүйнө жүзүндө 9 миллион адамдын эрте көз жумуусуна булганычтан пайда болгон оорулар себеп болгону жазылган.

Согуштардан 15 эсе кооптуу
Иликтөөлөрдө 2015-жылы 9 миллион адам булгануудан улам келип чыккан оорулардын айынан көз жумганы, бул көрсөткүч бардык өлүмдөрдүн 16 пайызына туура келери маалымдалган. Айрыкча СПИД, кургак учук жана безгек өңдүү ооруларды пайда кылары жазылган. Ошол эле мезгилде бул сан согуш жана зомбулуктардан 15 эсе көп экени белгиленген.

“The Lancet” журналынадагы иликтөөгө караганда булганычтан келип чыккан өлүмдүн 92 пайызы кирешелери төмөн жана орто өлкөлөрдө экени аныкталган. Ага ылайык Индияда 2.5 миллион, Кытайда 1.8 миллион адам көз жумганы белгиленген. Ал эми Бангладеш жана Сомали мындай жагдайлар кеңири кездешкен алдыңкы өлкөлөрдөн.

4.6 триллион доллар жумшалат

Эң чоң коркунуч факторлору катары эсептелген абанын булгануусу 6.5 миллион, суунун кири 1.8 миллион өлүмгө жол ачкан.

Булганыч менен күрөшүү үчүн жылына 4.6 триллион доллар жумшалганы жазылган иликтөөдө бул көрсөткүч дүйнөдөгү экономиканын 6.2 пайызына туура келери белгиленген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!