Бомба издеген итти иштен кетиришти

21-Окт. 2017, Ишемби, 14:20

АКШнын Борбордук чалгын кызматы милдетине кызыгуусун жоготту деген негизде Лулу аттуу итти ишинен алды.

Аталган кызматтын Интернет сайтынан келген билдирүүдө бир нече аптага созулган окуу процессинде Лулунун жардыруучу заттын жытын билүүгө кызыкпаганы үчүн ишинен чыгарылганы жазылган.

“Окуу процессинде Лулунун жардыруучу заттарга кызыгуусу байкалбаганы белгилүү болду. Кадимки окуучулар сыяктуу иттерде да бир нерсе үйрөнүп жатканда жакшы жана жаман көрсөткүчтөр болот. Жалкоолук кылга учурлар бар. Бирок Лулуга мындай жарашпайт”,-деп жазылган билдирүүдө тамак жана оюнчуктар аркылуу жаныбарды ишине кызыктырууга аракеттер көрүлгөнү белгиленген.

“Мындай аракеттерге кабастан көңүлү суз көрүндү. Окутууда физикалык жана руханий абалы маанилүү. Андан улам Лулу үчүн жакшы чечим чыгарылып, аны окутуу программасынан четтетишти”,-деп жазган. Ошондой эле билдирүүдө Лулу башка үй-бүлөгө берилгенин, ал жактын балдарына көнүп, көңүлдүү жүргөнү маалымдалган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!