Оппозициячыл активист камактан чыкты

23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 11:43

Россияда оппозициячыл активист жана “Паракорчулук менен күрөш” фондун негиздеген Алексей Навальный 20 күндүк абак жазасын өтөп чыкты.

Өлкөнүн президенти Владимир Путинге каршы митингдерде алдыңкы сапта турган оппозициячыл активист, блогер жана адвокат Навальный социалдык медиа аркылуу элди уруксатсыз митингдерге чакырганы менен айыпталып, 20 күнгө камалган.

Алексей Навальный өзүнө карата ачылган доолордон улам орус жетекчилеринин каршы чыкканына карабастан, келерки жылы өтө турган президентик шайлоого талапкерлигин коерун айткан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!