Космосту таштанды кылган өлкөлөр аныкталды

23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 16:39

Космостогу таштандылардын көбү АКШ, Россия жана Кытайга таандык экени белгилүү болду.

“Business Insider” порталынын маалыматына караганда Жердин орбитасында ракета жана башка космостук таштандылардын 14 миң калдыгы калкып жүрөт. АКШнын эсебине алардын 3 миң 999 фрагменти, Россияга 3 миң 961, Кытайга 3 миң 475и тиешелүү.

Эксперттердин оюнча жакынкы космостун булгануусу “Кесслер синдромун” алып келиши мүмкүн. Андай болсо же орбитада таштандынын көп санда болгону спутниктерди жана космостук түзүмдөрдү жайгаштырууга мүмкүнчүлүк түзбөйт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!