Окумуштуулар улгайгандарга орун бошотпоого чакырды

23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 17:59

Коомдук унааларда улгайган адамдарга орун бошотуу менен жаштар алардын ден-соолугуна зыян келтирип жатканын хирург-ортопед Скартелтт МакНелли баштаган британиялык окумуштуулар айтып чыкты.

Ал жана анын жамааты “British Medical” журналына “Улгайгандар үчүн физикалык активдүүлүк жана социалдык камсыздандыруу” темасындагы изилдөөсүн жарыялады.

Анда карылык менен физикалык активдүүлүктүн жоктугунун кесепеттерин айырмалай билүү жагы жазылган. Ошондой эле илимпоздор адамдар көнүгүүлөрдүн күчү менен он жылга жашаруусу зарыл экенин белгилеген.

“Биз элдерди эс алууга чакыргандын ордуна карылыкка чара көрүүнү кеңейтишибиз керек”,-деп жазган МакНеллинин кесиптеши, профессор Муир Грэй. Ошондой эле ал автобуста же поезде бара жатканда жашы өткөндөргө орун бошотуунун кажети жок экени, туруп турган алар үчүн мыкты көнүгүү болорун баса белгилеген.

“Улгайган адамдардагы көпчүлүк оорулар карылыктан эмес, активдүүлүктүн жоктугунан. Көнүгүүнү канчалык көп жазаса ошончо жакшы”,-деген Муир Грэй.

Булардан тышкары окумушуулар жамааты коомчулук орто жаштагы жана улгайган тургундарга активдүү эс алууга шарттарды түзүшү керектигин жазышкан.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!