​Кириштиану Роналду мыкты футболчу наамын алды

24-Окт. 2017, Шейшемби, 12:03

Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) 2017-жылдын мыктыларын атады. Мыкты футболчу наамына «Реал» футбол клубунун оюнчусу жана Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду ээ болду. Сыйлыкты тапшыруу салтанаты 23-октябрда Лондон шаарында өттү.

Бул үчүн ат салышууда «Барселона» клубунун оюнчусу Лионель Месси менен Франциянын «ПСЖ» клубунда ойногон, бразилиялык спортчу Неймар наамга илинген жок.

Өткөн жылды эске алганда "Жылдын мыкты футболчусу" наамына Роналду экинчи жолу ээ болуп олтурат.

Ал эми жылдын мыкты машыктыруучусу наамына «Реал Мадрид» клубунун башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан татыктуу болду.

Туриндик «Ювентустун» капитаны Жанлуижи Буффон "Жылдын мыкты дарбазачысы" деп табылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!