АКШ Мьянмага санкция киргизет

24-Окт. 2017, Шейшемби, 16:38

Американын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Хизер Нойерт билдирүү жасады. Анда рохинжа мусулмандарынын жашоосун жакшыртуу боюнча бир катар кошумча чаралар көрүлгөнүн маалымдады. Ошондой эле Мьянмадагы айрым топторго жана жеке жактарга санкцияларды киргизүү чечими чыгарылганын белгиледи. “Рохинжа мусулмандары дуушар болгон кыйноолорго, жаман мамилелерге, Аракандагы өнүгүүлөргө тынчсызданып жатабыз”,-деген. Ошондой эле Нойерт рохинжа мусулмандарга жана башка коомчулуктарга болуп жаткан кыйноолордо үлүшү болгон Мьянма армиясында кызмат өтөгөн жогорку аскер кызматкерлерине чаралар көрүлгөнүн, аларга саякатка чыгуу жана башка экономикалык чектөөлөр киргизилгенин белгилеген.

АКШнын Тышкы иштер министри Рекс Тиллерсон өткөн аптада билдирүүсүндө Рохинжа кризисине Мьянма армиясынын жетекчилиги жоопкерчиликтүү экенин белгилеген. Бирок Мьянма бийлиги бул айыптоолорду четке кагууда.

АКШнын Бириккен улуттар уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Никки Хейлинин сентябрь айындагы “Мьянма армиясынын мүчөлөрү рохинжа мусулмандарына аесуз кол салууларга жоопкерчиликтүү делген” рапортуна чейин Мьянманы курал менен камсыз кылууга болбой турганын билдирген.

Август айында жаңжалдардан улам 580 миң рохинжалыктар коңшу Бангладешке качканы белгилүү.

Рохинжа мусулмандарына 340 миллион жардам убадасы

Бангладештен келген жетекчилердин бири Женевада рохинжалык качкындарга байланыштуу өткөн конференцияда Мьянмада болуп жаткандарды “1994-жылы Руандада болгон геноцидден берки эң чоң көч”,-деп сыпаттады.

Женевада өткөн конференцияда БУУга рохинжа качкындарга 320 миллион доллар жардам көрсөтүлөрү убадаланды. Анын 30 миллион долларын Европа биримдиги бере турган болду.

Рохинжа мусулмандары Мьянмада көп мезгилден бери жашайт. Антсе да аларды Бангладештен келген качкын мигранттар катары эсептешет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!