Туздуу сууга чыдамдуу күрүч өстүрүлүүдө

26-Окт. 2017, Бейшемби, 12:58

Кытайлык илимпоздор "туздуу сууга чыдамдуу" күрүч өстүрүп, түшүмдү мол алды. Ал тургай соодалоого киришти.

Кытайлык илимпоздор Шантунг провинциясында жээктеги айылдардын биринде Циндаодогу күрүчтү изилдөө жана өнүктүрүү борборунда 200дөн ашык күрүчтүн түрүн эгишкен. Сугарууда Сары деңизден алынып келген деңиз суусу пайдаланылган. Гектар башына 4.5 тонна түшүм күткөн илимпоздор 7-10 тонна аралыгында түшүм алып, "туздуу сууга чыдамдуу” күрүч өстүрүү иштеринде ийгиликке жетишти. Кытайда көптөн бери туздуу сууда күрүч өстүрүлө элек болчу. Анткен менен бул жылы мол түшүм менен бирге эле сатыгы жогорку деңгээлде болду.

Жергиликтүү маалымат каражаттарына маек берген Кытайдын илимпоздорунун бири Юань Лунпин бул жаңы күрүчтү өстүрүү жана өндүрүү менен 200 миллиондон ашык адамды азык-түлүк жагынан колдоого алса болорун айтты. Бул боюнча Юань Лунпиндин тобу менен бирге тажрыйба жүргүзгөн Циндао борборундагы жаңы ишкана агроном, илимпоз Юань Лунпинди сыйлоо максатында күрүчтү “Юань Ми” деп атап, сатыкка чыгарышкан.

Кадимки күрүчтөн сегиз эсе кымбат “Юань Минин” күрүчүнүн килограммы учурда 7.50 доллар. Бир, эки жана беш килограммдык пакеттерге салынып сатылууда. Анын кымбаттыгына карабастан август айынан бери 6 тонна сатылган. Күрүч ден-соолукка пайдалуу экени белгиленүүдө.

Туздуу сууда өстүрүлгөн күрүч кальций жана башка микроэлементтерге бай болгону үчүн эл көп сатып алып жатканы байкалууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!