Эки курма беш миң долларга сатылды

26-Окт. 2017, Бейшемби, 13:37

Японияда “Тэнкафубу” сортундагы эки курма бүгүн, 26-октябрда 4 миң 800 долларга сатылды. Бул туурасында “РИА Новости” агенттигине Гифу префектурасындагы Айыл чарба ассоциациясынын сатуу бөлүмүнүн өкүлү Ито Ёсиюки билдирген.

“Бул жылдагы биринчи сатык болду. Анын кымбатка бааланганына өзгөчө таттуулугу себеп болду. Эгерде кадимки курмаларда шекер 15-16 градусту түзсө (Брикс шкаласы боюнча) бул элиталык сортунда 18ге жетет. Ал эми Мацузакая дүкөнүндө жаңы сатылган эки курмада 25 градуска жетет жана абдан жегиликтүү”,-деди ал.

“Тэнкафубу” сортун иштеп чыгууга 11 жыл кеткен. Ал сатыкка өткөн жылы гана чыгарылса, анда эң жогорку баасы үч миң доллардын тегерегинде болгон. Бир курманын салмагы 300 граммга жетет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!