“Түндүк Корея АКШнын 90 пайызын жок кылышы мүмкүн”

26-Окт. 2017, Бейшемби, 17:51

Акыркы мезгилде Түндүк Кореянын коркутууларына дуушар болгон АКШда эми Түндүк Кореянын жаңы муундагы электромагниттик куралы талкууланууда.

Анткени Түндүк Кореянын инвентарындагы электромагниттик пульс (ЭМП) АКШнын 90 пайызын жок кылууга жөндөмдүү экени болжолдонууда.

Бир континенттеги бардык электрондук түзүмдөрдү иштен чыгарган куралдын таасири тууралуу Конгресске билдирүү жасаган физик окумуштуулар өз ойлорун айтышкан. Анда алар мындай кол салуу учурунда системалар жабыла турган болсо учактар кулап, 500 миң адам көз жумарын мисал келтиришкен. Өндүрүш токтоп, элди камсыздай турган булактар куру болсо миллиондогон адамдар 1 жыл ичинде көз жумарын белгилешкен.

Түндүк Кореянын мындай уюшкандыкта кол салууга күчү жетпей тургандыгын белгилеген коопсуздук тармагы боюнча адис Жеффри Льюис бул эң кара өзгөй көрүнүш болорун кошумчалады.

Буга окшогон куралдын үстүндө иштеп жаткан мамлекеттердин бири бул Түндүк Кореянын бир тууган душманы Түштүк Корея. Бул мамлекет Түндүк Кореянын көптөн бери айтып келе жаткан өзөктүк коркутуусуна каршы чара катары “өчүрүүчү бомбасын” тапты.

Түштүк Кореянын “Yonhap” кабар агенттигине маек берген аскер кызматкерлери аталган куралдын өзгөчөлүктөрүн белгиледи. Анда электр тармактарында кыска мөөнөткө кыска туташуулар аркылуу кол салуу ишке ашырылган жакты толугу менен караңгылыкка бөлөйт.

Түштүк Корея бул куралды Түндүк Кореянын кол салуусуна тоскоолдук кылуу үчүн пайдаланары белгиленүүдө.

Өчүрүүчү бомба алгачкы жолу АКШ армиясы тарабынан 1991-жылы Перс согушунда пайдаланылган. Андан сырткары 1999-жылы НАТО тарабынан Сербияда колдонулган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!