Бир жыл табытта жаткан королду акыры көмүштү

27-Окт. 2017, Жума, 12:44

Таиландда 2016-жылдын 13-октябрында 88 жашында көз жумган мурдагы король Пхумипон Адульядетти 26-октябрь, бейшембиде акыркы сапарга узатышты. Аны жерге берүү зыйнатына өлкөнүн ар тарабынан келген 250 миңге жакын адам катышты.

Беш күнгө созулган аза күтүүнүн экинчи күнүндө улуттук кийим кийген эки жүз адам аскерлердин, барабанчылардын жана флейтачылардын коштоосунда королдун табытын 18-кылымдан калган алтын менен капталган унаа менен сөөктү өрттөөчү жайгаш жеткиришти.

Падышанын уулу Маха Ватчиралонгкон жергиликтүү саат боюнча кечки 10до сөөккө өрт тутантты. Жума күнү күлү чогултулуп, сарайга алынып келинди.

Коштошуу мезгилинде эли кара кийинип, сайттары жана жергиликтүү маалымат каражаттары оюн зоок берүүлөрүн токтотту.

Аза күтүүгө королдун үй-бүлө мүчөлөрү жана 40 өлкөнүн өкүлдөрү катышты.

Сүйүктүү падышасы менен Таиланд эли бир жыл коштошту. Ал аралыкта табытынын жанынан 12 миллион адам өттү. Бул үчүн шаардын борборунда чиркөөнү эске салган аза күтүүчү жай салынган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!