Трамп Кеннединин өлүмүнүн сырын ачат

27-Окт. 2017, Жума, 14:19

АКШнын президенти Дональд Трамптын тапшырмасы менен Американын мурдагы президенттеринин бири Жон Кеннединин өлүмүнө байланыштуу 2 миң 891 документ Интернетке чыгарылганы турат. Жашыруун документтерди жайылтууга бүгүнкү күнгө чейин уруксат берилген эмес.

Дональд Трамп калган документтер кечиктирилбестен керектүү кароодон өткөн соң 2018-жылдын 26-апрелине чейин ачыкка чыгарыларын белгилеген.

“Президент катары узактан бери тыюу салынып келе жаткан документтерди жарыкка чыгарууга уруксат берем”,-деген.

Буга байланыштуу айрым кагаздар Федералдык сурак бюросу жана Борбордук чалгын кызматы баа бергенден кийин жарыяланары белгилүү болду. Аталган маалыматтарды АКШнын Улуттук архивинин “archives.gov” Интернет сайтынан көрүүгө болот.

АКШнын Улуттук архивиндеги Кеннедди боюнча бир топ документтер жарыяланган. Бирок президенттин уруксаты менен жарыкка чыгышы керек болгон бир топ маалыматтар сакталып турган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!