​Кылмышкер аялына жолукканы келгенде кармалды

28-Окт. 2017, Ишемби, 12:38

Вандын борбору болгон İpekyolu районунда 5 жыл мурда бир кишини өлтүрүүгө жана эки кишини жарадар кылууга шектелген жаран көз жарган аялына учурашууга келгенде кармалды.

Бул провинциянын ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, 2012-жылдын 24-августунда аталган райондун көчөлөрүнүн биринде чыккан жаңжалда бир кишини атып өлтүрүп жана эки кишини жарадар кылган окуяга тиешеси бар деп шектелген В.Т. аттуу адамды кармоо боюнча атайын иш жүргүзүлүп баштаган.

Коопсуздук кызматкерлери тарабынан 22-октябрда жүргүзүлгөн операциянын негизинде шектүү көз жарган аялына жолугуу үчүн инисинин атына жасалган жасалма паспорт менен шаарга келгенде кармалган.

Учурда кылмышка шектүү камакка алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!