Каталония эгемендигин жарыялады

28-Окт. 2017, Ишемби, 14:20

Каталония автономиялуу бийлигинин парламенти бир тараптуу эгемендигин жарыялады. Испаниядагы борбордук өкмөт Каталония парламентин жойду. Эми 21-декабрда шайлоо өткөнү турат.

Каталонияда азчылык өкмөтү катары бийликте турган "Junts pel Si" (Ооба үчүн биримдик) альянсы жана ага сырттан колдоо көрсөткөн ашыкча сол көз караштагы “Эл биримдиги талапкерлиги” партиялары эгемендүү Каталония мамлекетин жарыялоо, ага байланыштуу процессти баштоо боюнча мыйзам долбоорлорун парламенте добуштун негизинде кабыл алды. Добуш берүүдө 70 "ооба", 10 "жок" деген жыйынтык чыкты.

Испания өкмөтү Каталония парламентин жойду

Премьер-министр Мариано Рахой өлкө жарандарынын келечеги үчүн шайлоо өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

“Каталония автономиялуу башкаруусунда демократиянын кайрадан камсыз кылуу үчүн мыйзамдуу, таза, эркин шайлоо өткөрүү керек”,-деди.

Ошондой эле ал “Өкмөт 155-беренени аткара баштады. Каталония Автономиялуу өкмөтүнүн башчысы Карлес Пучдемон, аны орун басары Уриол Жункерас жана башка өкмөт мүчөлөрү, Каталония автономиялуу жетекчилигинин Ички иштер министрлигине байланыштуу бардык полиция жетекчилери кызматынан алынды”,-деди.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!