Жефф Безос бир түндө 6,24 миллиард доллар тапты

28-Окт. 2017, Ишемби, 21:30

«Amazon» компаниясынын акцияларында болгон жогорулоо аталган ишкананын негиздөөчүсү Жефф Безоско 6,24 миллиард доллар киреше алып келди.

Байлыгы 83,5 миллиард доллар болду

«Bloomberg» компаниясынын миллиарделер индексине ылайык Безостун байлыгы 6,24 миллиард долларга көбөйүп, 83,5 милиард долларга жетти.

Ошентип 88 миллиард доллар менен алдыда келе жаткан «Microsft» компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс менен арадагы айырманы 4.5 миллиард долларга азайтты.

Киреше канчага көбөйдү?

«Аmazon» компаниясынын үчүнчү чейректеги кирешеси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33,6 пайызга көбөйүп, 43,7 миллиард долларга жогорулады.

Өткөн жылдын үчүнчү чейрегинде 252 миллион доллар таза киреше тапкан «Amazon» бул жылы таза кирешеси 1,6 пайызга көбөйүп, 256 миллион долларга жетти.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!