Шайлоо боюнча айыптоолор кабыл алынды

30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 14:47

АКШда Россиянын шайлоого кийлигишкени боюнча айыптоолорго байланышкан документтерди Вашингтондогу Федералдык чоң жюри кабыл алды.

Атайын прокурор Роберт Мюллер жүргүзгөн иликтөө иштеринин негизинде даярдалган айыптоолордун мазмуну боюнча расмий билдирүү жасала элек. Анткен менен Американын “CNN International” телеканалы суракка катышкандар дүйшөмбүдөн баштап камакка алынарын кабарлады.

Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) мурдагы жетекчиси Роберт Мюллер Россия 2016-жылы өткөн АКШнын президенттик шайлоосуна киришкенине байланыштуу териштирүү иштерин жүргүзүүгө сырттан, атайын прокурор катары дайындалган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!