Стив Жобстун унаасы аукционго коюлат

30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 15:47

Автоунаанын баштапкы баасы 400 миң доллар болору болжолдонууда.

“Apple” компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобско таандык “BMW Z8” унаасы Нью-Йорктогу “Sotheby’s” аукционуна коюлат. Анын баштапкы баасы 400 миң доллар болору болжолдонууда.

Жобсту Германияда өндүрүлгөн авто унаалардын дизайны кызыктырган. Анын BMW жана Mercedes-Benz SLs үлгүсүндөгү бир нече мотоциклдери болгон.

2010-жылы BMW Z8 үлгүсүндөгү унааны сатып аларда Жобс бул сапаттуу спорттук унаа эле эмес, “Apple” компаниясынын идеалына жана өзүнүн менталитетине туура келгидей болушу керектигин талап кылганы айтылып келет.

Стив унааны үч жыл айдагандан кийин Лос-Анджелестин тургунуна саткан. Машина болгону 11 жыл колдонулуп, ойго келгис эң аз аралыкты же болгону 24 чакырым жүргөн. Ошондой эле техникалык кароодон тез-тез өткөрүлүп турган.

Кызыктуу Z8 белгиси Стив жактырбаган “Motorola” уюлдук телефонунда болгон. Бирок кийинчерээк “Apple” жана “Motorala” өнөктөш болуп, “iTunes” медиаплеери бар телефондорун чыгарышкан.

2004-жылдын июнь айында “Apple” BMW менен кызматташтыкта автомобилдер үчүн “BMW iPod Adapter” аудиосистемасын киргизишкен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!